Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Президент Петр Порошенко Украинанын макамын өзгөрткөн мыйзамга кол койду


Президент Петр Порошенко Украинанын “эч блокторго кошулбоо” макамын жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Украинаны “блокторго кошулбаган өлкө” деп жарыялаган 2010-жылкы мыйзамды жокко чыгарат. Порошенконун айтымында, өлкө Батыш альянсынын стандартын аткаргандан кийин НАТОго кошулуу зарылдыгын украиналыктар референдумда чечет жана ага жетүүгө беш-алты жыл кетет: “Мен өлкөнү Евросоюздун жана Түндүк Атлантика альянсынын (НАТО) стандартына жеткендей кылып реформалоону мерчемдеп жатам. Украина ал критерийлерди аткарат. Биз ага “Стратегия 2020нын” алкагында жакынкы беш же алты жылда жетебиз. Ошондо украин эли НАТОго мүчөлүк жөнүндө чечим кабыл алат", - деди Порошенко.

23-декабрда Украина парламенти өлкөнүн ар кандай аскерий союзга кошулуусуна жол ачкан мыйзамды кабыл алган. Порошенко ошондо Орусиянын агрессиясы Украинанын төбөлсүздүгүн, эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана бүтүндүгүн камсыздоонун эффективдүү жолун издөөгө мажбурлоодо деген болчу.

XS
SM
MD
LG