Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Обама Путин жөнүндө чет элдиктердин пикирин айтты


Президент Барак Обаманын айтымында, Орусиядан тыш өлкөлөрдүн эли 2014-жылы Владимир Путин “акылдуу эмес” кадамдарга барды деп ойлой баштады. Бул жөнүндө Обама 29-декабрда Кошмо Штаттардын коомдук радиосунун (NPR) сайтында жарыяланган интервьюда билдирген. “Үч же төрт ай илгери Вашингтондогу ар бир адам президент Путин гений жана баарыбызды алдап кетти. Ал коркутуу жана Орусиянын кубатын арттыруу үчүн ушундай стратегияны жүргүздү деп ойлошчу. Бүгүн Орусиядан сырт дүйнөдө кээ бир адамдар, балким Путин данышман эмес деп ойлошот”, - дейт Обама.

Москва Крымды аннексиялап, Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдогонго байланыштуу АКШ жана Евросоюз Орусияга каршы экономикалык санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG