Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Узаган жылда дүйнөдө уруштар көбөйдү


Сирия, 23-декабрь, 2014-жыл
Сирия, 23-декабрь, 2014-жыл

Эксперттер бир жыл мурун дүйнө жүзү азыркыдан кыйла тынчыраак болгонун айтышат. 2014-жылы адамзат деги 21-кылымда бейпилдик жана өнүгүү жолуна түшөбү, же согуштар менен жакырлыктын сазына батабы деген суроо курчуду.

2014-жылы малайзиялык бир эмес үч учак кыйраганы, Нигерияда 200дөй өспүрүм кыз жихадчыл согушкерлердин тузагына илингени, кандуу эрегиш тутанган палестин-израил чатагы, Ирак менен Сирияга бүлгүн салган “Ислам мамлекети” кыймылынын куралдуу чабуулу, Европадагы бейпилдикти бузган украин жаңжалы, Батыш Африканы каптаган Эбола вирусунан улам дүйнө мурдагыдан кооптуурак аймакка айланып бараткандай таасир калтырды. Дүйнө лидерлери, Улуттар уюму баш болгон эл аралык мекемелердин азырынча бул чыр-чатактарды токтотууга кудурети жетпеди. Анда эл аралык коомчулукту кабатыр кылган негизги очокторго токтоло кетсек.

Украина

Саясий серепчилер экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң кыяпат деп атаган Украина кризиси март айында тутанды. Орусия ушул айда Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап, же өзүнө каратып алып, эки айдан кийин Донецк менен Луганскта орусиячыл жикчилер эки чөлкөмдүн көз карандысыздыгын жарыялашты.

Украинанын чыгышындагы Дебальцев шаарындагы украин солдаттары. 24-декабрь, 2014-жыл
Украинанын чыгышындагы Дебальцев шаарындагы украин солдаттары. 24-декабрь, 2014-жыл

Ошентип, Украинада эрте жазда башталган куралдуу кагылыштарда азыркыга дейре набыт болгон адамдардын саны 3 жарым миңден ашты, буга украин асманында атып түшүрүлгөн малайзиялык учактагы 298 киши кошулган жок. ЮНИСЕФ уюмунун маалыматы боюнча куралдуу эрегиш уланып жаткан Донецк жана Луганск облустарында 147 окуу жай сентябрдан бери жабык турат, анын айынан 50 миңдей баланын окуусу үзгүлтүккө учурады. Улуттар уюму украин согушунун айынан 1 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгонун, алардын жарымынан көбүрөөгү Украинанын тургундары экенин билдирет.

НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украинанын чыгыш тарабына миңдей аскерин, согуштук техника, курал-жарак жөнөттү деп айыптап, Москвага каршы катаал экономикалык санкцияларды киргизишти. Украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер элдешүү тууралуу келишимге кол коюшкан, ал азырынча так аткарылбай, ар кайсы жерлерде ок атышуу уланууда.

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск азырынча Орусия-Украина эрегиши жакын арада мындай же тигиндей чечилет деп айтуу ашепкелик кылаарын белгиледи: “Украинанын келечеги тууралуу сөз кылганда, биздин келечек, Европанын келечеги жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнөбүз. Азырынча оптимист болууга шарт жок, реалист болгон оң го. Украинанын тегерегиндеги оюндар узакка созулаарын моюнга алып, ошого жараша иш кылышыбыз керек”.

Орусия Батыш өлкөлөрүнүн катаал санкциялары, мунайдын баасынын арзандап кетишинен улам экономикалык каатчылыкка кабылып турган кези. Орус рублинин наркы улам төмөндөп отуруп, европалык тамак-аш, товарларга киргизилген эмбарго кошул-ташыл болуп, жалпы товарлардын баасы 2015-жылы эксперттердин эсебинде 40% чейин кымбаттаары күтүлүүдө. Жалпы экономикалык рецессия, же төмөндөө канчалык деңгээлге жетээрин так айтуу кыйын дешет адистер. Владимир Путин өзү соңку пресс-конференциясында жашоо-турмуш эки жылдан кийин оңоло баштайт деп билдирди.

Сирия

Сириядагы жарандык согуш башталганына үч жылга чукулдап калды. 2012-жылы козголоңчулар байыркы Алеппо шаарына кеңири чабуул койгондо, Башар Асаддын режими кулаарына аз калды дегендер көп болгон. Андан бери үч жылдай мезгил өттү, президент Асад биринчи кезекте Орусия жана Ирандагы колдоочуларынын жардамы менен чектелүү аймакта болсо да өз бийлигин улантууда.

Сирияда өлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты.
Сирияда өлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты.

Улуттар уюму биздин замандагы эң чоң алаамат деп атаган бул уруштун айынан 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштай тынчыраак жай издеп жер которушту. Өлгөндөрдүн саны 140 миңден ашты. Сирия өкмөтүнүн аскерлери менен козголоңчулар ортосундагы урушка быйыл өзүлөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган согушкерлер армиясы жана "ал-Каиданын" канат-бутагы саналган "ал-Нусра" кыймылы кошулду. Былтыр ушу маалда Сирияда элге каршы химиялык курал колдонулду деген маалымат тарап, АКШ абадан чабуул коюуга камданып калган. Америкалык генералдардын мындай чечимин Британия колдобой коюп, кеңири аскердик операция жүргүзүү планы ишке ашпай калган. Андан бери Сириядагы үч жылга созулган башаламан куралдуу салгылаштар акырындап коңшулаш Ирак менен Ливанга жайылып, диний агымдар ортосундагы куралдуу эрегиш чөлкөмдө жаңы коркунучту – “Ислам мамлекетинин” баш көтөрүшүнө алып келди.

Эксперттер Сириядагы чыр-чатак аябай татаалдашып, көп жактуу болуп кеткендиктен, анын аягы эмне менен бүтөөрүн болжолдоо аябай оор экенин айтышат. Ушу тапта "Ислам мамлекетинин" жоокерлери жана аларды колдогон жихадчылар Сирия аймагынын үчтөн бирине жакынын, үч жылдан бери Башар Асаддын бийлигине каршы күрөшүп жаткан жана азыр ич ара эрегишип бөлүнүп калган козголоңчул күчтөр дагы үчтөн биринен азыраагын, калганын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп жатканы кабарланууда. Улуттар уюму далай шаар-кыштактарда балдар, аялдар, карыялар тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам алалбай гуманитардык апаатка туш болгонун айтып коңгуроо кагып келатат. Азырынча жаатташкан тараптардын ал үндү уга турган түрү жок.

Ирак менен Сирияга бүлгүн салган "Ислам мамлекети"

"Ал-Каида" уюмунун Ирактагы бутагын түптөп бекемдеген радикал исламчылар 2013-жылдын апрель айында Сириянын чыгыш тарабында "Ирак жана Леванттагы ислам мамлекети" деп аталган уюмдун кара байрагы астында куралдуу козголоңун баштады. Алар тез эле Сириянын чыгыш жагында, Ирактын түндүк жана батыш тарабында бир кыйла аймактарды өзүнө каратып, жолдо учураган башка диний жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн куугунтуктап, далайын кырып өлтүрүп, жортуулун улантты.

"Ислам мамлекети" радикал уюмунун запкысынан качкан адамдар баш калкалаган лагер. Ирак,14-декабрь,
"Ислам мамлекети" радикал уюмунун запкысынан качкан адамдар баш калкалаган лагер. Ирак,14-декабрь,

Кийинчерээк өзүлөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган кыймылдын катарында миңдеген чет элдик согушкерлер да бар. Алардын кандуу жүрүшүн пастатуу максатында АКШ баш болгон, катарына Бахрейн, Иордания, Катар, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган эл аралык күчтөр быйыл сентябрь айында жихадчыл согушкерлерге абадан сокку ура баштады.

Иракта Мосул, Фаллужа өңдүү шаарларда басымдуулук кылган сунни мусулмандары жана экс-президент Саддам Хусейндин тушунда армияда кызмат өтөгөн аскер офицерлери кошулуп кеткендиктен, "Ислам мамлекети" тез эле бир катар маанилүү шаар-аймактарды өзүнө каратып алган. Соңку күндөрү АКШ жетектеген эл аралык күчтөрдүн тынымсыз аба чабуулунан улам "Ислам мамлекетинин" жоокерлери айрым жетекчилеринен айрылып, мурда ээлеген жерлеринен бир аз кетенчиктей баштаганы кабарланды. 2015-жылы Ирак менен Сириядагы жихадчылар бат эле алсырап калышы күтүлбөйт, азырынча бул кандуу эрегиш дагы бир топ убакытка созулчудай. Ирактагы саясий биримдиктин жоктугу, элдин бийликке болгон ишеничинин азайганы, Сириядагы башаламандык "Ислам мамлекетинин" чырагына мындан ары да май тамызчу башкы факторлор.

Ооганстан

Эл аралык коалициялык күчтөр акырындап аскерлери менен согуштук техникасын чыгарып кетип жаткан Ооганстанда карапайым тургундар арасындагы өлүм-житим 2014-жылдын биринчи жарымында мурунку жылга салыштырмалуу 24%га өстү.

Ашраф гани жана Чак Хайгел. Кабул, 6-декабрь, 2014-жыл
Ашраф гани жана Чак Хайгел. Кабул, 6-декабрь, 2014-жыл

Жакында эле Кабулга барып, жаңы ооган президенти Ашраф Гани менен жолугушкан АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел келээрки жылдын биринчи жарымында Ооганстанда 11 миңдей америкалык аскер кызмат өтөөрүн, жыл аягында алардын саны беш жарым миңге чейин кыскартылаарын жарыялады. Сентябрь айынан бери жергиликтүү талиптердин чабуулдары жанданып, карапайым элдин коалициялык күчтөр чыгарылгандан кийинки коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусу күчөдү. Ооганстандан баш алган куралдуу чабуулдар Борбор Азия чөлкөмүнө жайылышы мүмкүн экенин өзбек президенти Ислам Каримов эскертүүдө. Эксперттер ооган армиясы менен коопсуздук күчтөрүн каржылай турган чет элдик ири акча каражат 2017-жылга чейин жетээрин, андан кийин экономикалык жактан кыйла алсыз ооган өкмөтү талиптер менен козголоңчулардын дымагын басуу ишин толугу менен өз колуна алышы керектигин белгилешет.

Израил-Палестина чатагы

Быйылкы жай израил-палестин чатагындагы эң кандуу мезгилдердин бири болду. 8-июлда Израил армиясы Газа тараптан атылган ракеталарга жооп катары абадан жана жерден кеңири чабуул койду.

Соңку маалыматтар боюнча, августтун аягында Египеттин ортомчулугу астында кол коюлган элдешүү келишимине дейре 2100дөн ашуун палестин курман болду, Израил армиясы 66 аскерин жана жети жай тургунун жоготконун билдирет. Байкоочулар кандуу эрегиштен эч ким утпаганын, палестин аймактарында 17 миңдей үй жана башка турак жай талкаланып, 100 миңдей киши көчөдө калганы маалымдалды. Азырынча ок атууну токтотуу келишимин эки тарап салыштырмалуу аткарып жатканы кабарланууда.

Эбола

Африка континентиндеги бир нече өлкөнү каптаган Эбола вирусун Дүйнөлүк саламаттык уюму буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал жана курамы, табияты жагынан эң татаал вирус деп атады.

Нигерияда бул коркунучтуу вирустан өлгөндөрдүн саны 2000 адамдан ашты.
Нигерияда бул коркунучтуу вирустан өлгөндөрдүн саны 2000 адамдан ашты.

Азыркы күнгө чейин Гвинея, Сьерра Леоне, Либерия, Сенегал жана Нигерияда бул коркунучтуу вирустан өлгөндөрдүн саны 2000 адамдан ашты. Вирустан өлгөндөрдүн 40% ага чейин белгисиз дарт каптаган күндөн үч жума өтпөй көз жумду. Оксфорд университетинин илимпоздору вирустун кеңири аймактарга жайылышын токтотуш үчүн жок дегенде 50 миңдей кишини токтоосуз текшерип дарылоо керектигин, вирус жакырлык каптаган кыштактарда гана эмес, чоң шаарларда да табылгандыктан, коркунучтуу оорунун арышын токтотуу планын ишке ашыруу абдан татаал экенин белгилешет.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG