Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Езид азчылыктары массалык көмүлгөн тогуз көрүстөн табылды


Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарында езид азчылыктары массалык көмүлгөн тогуз көрүстөн табылды. "Бул көрүстөндөргө “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары шаарды август айында ээлеп турганда өлтүрүлгөн езиддер көмүлгөн" деп билдирди 30-декабрда Күрт регионалдык өкмөтүнүн езид иштери боюнча жетекчиси Хайры Бузани. Синжарды күрт-пешмаргелер жихадчылардан декабрдын башында бошоткон.

Бузани бирок бул көрүстөндөрдө канча адам көмүлгөнүн айтпады.

Эл аралык мунапыс уюмунун маалымдашынча, жихадчылар уурдап кетип, зордукташкан, күчтөп күйөөгө беришкен же кулдукка саткан езид аялдар менен кыздардын саны бир нече миңге чейин жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG