Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Америкалык конгрессмен "Азадлыгга" карата кысым боюнча тынчсызданууда


Демократ Элиот Энгель Азербайжан лидерлерин Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматына кайра ишин улантууга мүмкүнчүлүк берүүгө жана аларды куугунтуктоону токтотууга үндөдү. Ал бул тууралуу 30-декабрда билдирүү менен чыкты.

26-декабрь күнү Эркин Европа/Азаттык радиосунун азери кызматы – “Азадлыг” радиосунун Бакудагы бюросу 26-декабрда тинтүүгө алынып, документтер, маалымат топтолгон файлдар, жабдуулар конфискацияланып, кеңсе прокурорлор тарабынан жабылган.

Бюронун 12 кызматкери 27-28-декабрь күндөрү суракка алынып, анын жүрүшүн ачыктабоого милдеттендирген документке кол коюшкан. Журналисттердин бир канчасы суракка бүгүн да чакыртылды. Бирок алардын укугун коргогон адвокат жок. Ошондой эле суракка "Азадлыгда" мурда иштеп кеткен кабарчылар да чакырылганы айтылууда.

Азербайжан бийликтери “Азадлык” радиосунун Бакудагы бюросуна жүргүзүлгөн рейдди четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды иликтөө алкагындагы иш катары түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG