Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Пайзулла Рахмановду Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер агенттигин жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланган жана 2010-жылы Жалал-Абадда массалык башаламандык уюштурган деген айыптар менен Биринчи май райондук соту 12 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк бул өкүмдү Бишкек шаар соту күчүндө калтырган болчу.