Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Москвада полиция Навальныйдын тарапкерлерин камакка алды


Москванын коомдук тартипти көзөмөлдөөчү полициясы Манеж аянтчасына чогулган демонстранттарды алар чогулары менен кууп таркатты. Айрым маалыматтар боюнча 170 чамалуу, айрым маалыматтар боюнча 250 чакты адам кармалды. “Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы ОМОН кызматкерлери кармалган демонстранттарды автобуска салганын, митингдин көпчүлүк катышуучулары аянттан өздөрү кетишкенин кабарлады.

Ал эми кечээ шарттуу түрдө кесилген Алексей Навальный өзү да митингге катышуу үчүн келип, Манеж аянтына жеткен жеринен полиция кармап кетти. Кийинчерээк ал үйүнө жеткирилгени, аны беш полициячы үйүнөн чыгарбай кайтарып отурушканын ал социалдык тармакка жазды.

Навальныйды колдоо боюнча акциялар Орусиянын дагы бир нече шаарларында өттү.

30-декабрда Москванын Замоскворецкий райондук соту ага-ини Навальныйларга “Ив роше” компаниясынын иши боюнча өкүм чыгарып, орус оппозициясынын өкүлү Алексей Навальныйды үч жарым жылга шарттуу кескен.

Анын бир тууганы Олег Навальный үч жарым жылга эркинен ажыратылды. Алексей Навальный чечим күчүнө киргичекти үй камакта кала берет.

XS
SM
MD
LG