Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Ошто 1-январга чейин бардык керектөөчүлөргө газ жеткирилет


Кечээтен тарта шаардагы газ түтүктөр текшерилип жатат. Бул тууралуу “КыргызГазпром” ишканасынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Маматкалык Аматов “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда газ куурларын оңдоп-түзөө үч күнгө созулат. Газчылар 8 ай аралыгында иштебей жаткан түтүктөрдө көгүлтүр от берилээри менен авария болушу ыктымалдыгын, газ ачык бойдон калтырылган үйлөрдөн газ чыгуу коркунучу бардыгын айтышууда.

30-декабрда Ош шаарындагы 30 миң абонентке газ жеткирилди.

Ош шаарынын көгүлтүр отко дебитордук карызы 970 миң сомду түзөт.

“Газпром” компаниясы өзбек тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ошко газ берүү кечээтен тартып жанданды. Учурда “Газпром Кыргызстан” менен Gazprom Schweiz AG ортосунда келишим түзүлүп, 2015-жылы өлкөнүн түштүк аймагына 100 миллион метр куб жаратылыш газы берилмей болду. Gazprom Schweiz AG орусиялык "Газпром" компаниясынын таандык ишкана.

“Кыргызгаз” ишканасы быйыл 1-апрелде орусиялык “Газпром” компаниясына символдук түрдө 1 долларга сатылган. 14-апрель күнү өлкөнүн түштүк аймагына газды "Кыргызгаз" аркылуу берип келаткан өзбекстандык "Узтрансгаз" орустар менен келишим жоктугун шылтоолоп, көгүлтүр от берүүнү токтотуп койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG