Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Электр баасы арзандабайт


Энергетика жана өнөр жай министрлиги тараткан билдирүүдө электр энергиясынын баасы арзандатылсын деген талап менен чыгып жаткан нарындыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Быйылкы жылдагы электр каатчылыгын түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, коюлган тарифтер оптималдуу жол, жарыкты өлкө боюнча өчүрбөөгө болгон аракет экени белгиленген.

Учурда кыргыз өкмөтү электр жарыгы үчүн кыш мезгилинде тоолуу аймактардагы ар бир түтүнгө берилүүчү 714 сом жеңилдикти жогорулатуу каралып жатканын билдирди.

Буга чейин электр энергиясынын баасынын кымбатташына нааразы болгон нарындыктар эки жолу митингге чыгышты. Алар электр энергиясына чектөө болбосун деген талап коюшууда.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 11-декабрдан баштап Кыргызстандын бардык аймактарында 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 2 сом 5 тыйындан төлөй баштады. Муну өкмөт электр энергиясы Казакстандан сатылып алынып жаткандыгы менен негиздөөдө. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG