Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

“Коопсуз шаар” долбоорун айыппул менен ишке ашыруу сунушталууда


Парламентте шаар көчөлөрүнө видеокөзөмөл жабдууларын орноткон компаниянын чыгымдарын жол эрежесин бузгандар төлөгөн айыппулдун эсебинен жабуу сунушталууда. Мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Видеокөзөмөл жабдууларын орнотуу боюнча долбоорго техникалардын сапатына жараша 42 млн. доллардан 79 млн. долларга чейин каражат чыгымдалат. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, учурда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жарыяланган тендердин алгачкы айлампасынан беш компания экинчи турга өттү. Андан утуп чыккан компания түз инвестиция катары Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеокөзөмөл жабдууларын орнотуп, 10 жылга чейин өзү тейлейт, андан соӊ толугу менен Кыргызстанга өткөрүп берет. Ошол мезгил аралыгында ал компания жолдо жүрүү айыбынан бюджетке түшкөн каражаттын эсебинен өз чыгымдарын чыгарып алууга тийиш.

2014-жылы республикалык бюджетке жолдо жүрүү айыптарынан 172 млн. сом түшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG