Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Бишкекте мэрия тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтүүдө


Бүгүн, 31-декабрда Жаңы жыл майрамына карата Бишкекте бир катар майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Майрамдык оюн-зооктор күндүзгү жана кечки деп эки бөлүктөн турат. Бишкек шаардык мэриясынын билдиришинче, майрамдык оюн-зооктор Ала-Тоо аянтында жомоктордогу каармандардын кийимин кийген балдардын карнавалдык жүрүшү менен башталды. Андан соң саат 12де чакан концерттик программа өттү.

Эми саат 14:00дөн 17:00гө чейин парктарда, эс алуу жайларда шаардын маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа, оюн-зооктор менен коштолгон майрамдык иш-чаралар өтөт. Кечинде Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт, андан соң жаштар үчүн дискотека уюштурулат. Түнкү саат 00:00дө узактыгы 12 мүнөттүк майрамдык фейерверктер атылат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG