Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Бүгүн Бишкекте эки миңге жакын милиция коопсуздукка көз салат


Жаңы жыл майрамына карата милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев билдирди. Жарандардын коопсуздугун сактоого жана коомдук тартипти камсыздоого 1700гө жакын милиция кызматкери жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын 200гө жакын кызматкери тартылды.

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери 25-декабрдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Ала-Тоо аянтында, коомдук жайларда, стратегиялык маанилүү объекттерде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн иштешет. Ошондой эле шаардын ар бир аймагында аймактык тескөөчүлөр да нөөмөттө болушат.

Жалпы Кыргызстан боюнча 10 миңге жакын милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (ECh)

XS
SM
MD
LG