Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыяланды


Бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев “2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Жарлыктын мазмунунда акыркы жылдары көрүлгөн чаралардын натыйжасында өлкөгө туруктуулук келгени белгиленген. Ушул шарттарда кыргызстандыктар үчүн экономикалык кызыкчылыктар алдыңкы орунга чыкканы айтылат. Ага ылайык, жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны көбөйтүү, энергетиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу маселелерин аткаруу зарыл экени жазылган.

Жарлыкта Жогорку Кеңешке жана өкмөткө бир нече багыт боюнча мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү сунушталган.

2014-жыл Мамлекетти бекемдөө жылы болгон. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG