Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда өткөн парламенттин жыйынын жыйынтыктап жатып, 2014-жылы бир топ тарыхый чечимдер кабыл алынганын, ошол эле кезде 2015-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый жыл болоорун белгиледи.
Төрага келе жаткан жылы Кумтөр маселеси өлкөбүздүн кызыкчылыгын эске алуу менен чечилээрин, Кыргызстан 9-майдан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болоорун жана парламенттик шайлоо өтөөрүн санады. Анын айтымында, жогоруда күтүлүп жаткан окуялардан улам 2015-жыл тарыхый жыл болот. (TSh)