Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

Гуантанамо Бей түрмөсүнөн бошотулган беш адам Казакстанга келди


Аларды Казакстан жеке өтүнүчтөрүнө, БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссариатынын суранычына жана эл аралык милдеттенмесине ылайык кабыл алганын өлкөнүн Ички иштер министрлиги 31-декабрда билдирди. Аларга “баш паанек издеген адам” макамы берилген. Качкын макамын Ички иштер министрлиги мыйзам чегинде берет. "Алардын бардык чыгымдарын адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар жабат", - деп айтылат Казакстандын ИИМнин билдирүүсүндө.

30-декабрда Пентагон Гуантанамо Бей аскердик түрмөсүндө он жылдан ашык убакыт отурган үч йемендик жана эки тунистик жаран Казакстанга жөнөтүлгөнүн, алар коопсуздукка байланыштуу себептерден улам өз мекенинине жөнөтүлбөгөнүн кабарлаган. Алар "ал-Каида” менен байланышы бар деп шектелип, Пакистанда кармалган. АКШнын бир нече агенттиги туткундардын ишин толук карап көргөндөн кийин “бир добуштан” Казакстанга өткөрүп берилсин деп чечкен. Маалымдалгандай, эми Гуантанамо Бейде 127 туткун калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG