Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

Рахат Алиевге Австрияда адам өлтүргөн деп айып тагылды


Батыш маалымат булактарынын кабарлашынча, президент Нурсултан Назарбаевдин экс-күйөө баласы Рахат Алиев 2007-жылы “Нурбанктын” жетекчи-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновдун өлүмү боюнча айыпталууда. Алиев өзү айыптоону ойдон чыгарылган жана саясий өч алууну көздөйт деп башынан эле четке кагып келет. Ал кайын атасынын каарына кабылган кезде Казакстандын Венадагы элчиси болгондуктан ошол бойдон Австрияда саясий качкын ирети жашап жүргөн.

2008-жылы Алматы шаардык соту Рахат Алиевди кылмыштуу топту түзгөн, адамдарды уурдаган жана бийликти басып алууга кам көргөн деп таап, сыртынан 20 жылга абакка кескен.

Астана буга чейин Алиевди эки жолу Австриядан өткөрүп алууга аракет кылып, бирок Вена сот калыс өтпөйт деген негизде өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG