Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

1-январда Литвада евроакча колдонула баштайт


3, 5 млн калктуу өлкө еврого өтүү инфляция жана еврозонанын карызы өсүүдө деген коркунучка карабай, экономикадагы стабилдүүлүккө салым кошот деген үмүттө.

Литва президенти Даля Грибаускайте 31-декабрдагы кайрылуусунда Европа монетардык союзуна кошулууну “Батышка экономикалык жана саясий жактан терең интеграцияланууну” көздөй жасалган маанилүү кадам деп мүнөздөдү.

Литвада түнкү 12ден кийин автоматтардан акчаны евро менен алуу мүмкүн болот.

Еврокомиссиянын Евро жана социалдык интеграция боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис Латвиядан жасаган видеокайрылууда Литванын евромейкиндикке кирүүсү региондун экономикасын дагы күчтүү кылат деп ишенгенин айтты: "Литванын кошулуусу Балтика мамлекеттеринин биздин континенттин саясий жана экономикалык толтосуна кайтуусу аяктаганын жышааналайт. Бул Литва үчүн эле эмес, туруктуу, ажарлуу жана жаңы мүчөлөрүнө ачык еврозона үчүн да символикалуу учур. Балтика мамлекеттеринин евроаймакка мүчө болуусу региондун экономикасын бизнес, соода жана инвестиция үчүн дагы кызыктуу кылып, дагы кубаттандырат деп ишенем."

Литва евромейкиндиктин 19 мүчөсү.

XS
SM
MD
LG