Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

ИИМ: 148 чет элдик жаран миграциялык мыйзамдарды бузган


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. ИИМдин 2014-жылдын 19-декабрынан 25-декабрына чейин жүргүзгөн “Экстремист” деп аталган операциясынын алкагында Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузган 148 чет элдик жаран кармалган.

Миграциялык мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга административдик айыппул салынган. Жалпы административдик айыптын суммасы 148 миң сомду түздү.

Соттун чечими менен эки чет өлкөлүк жаран өлкөдөн чыгарылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG