Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Жол кырсыгынан тез жардамдын төрт кызматкери жабыркады


1-январь түнү Бишкек шаарында чакырыктан келаткан тез жардам унаасын "Лексус" маркасындагы унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен тез жардамдын төрт кызматкеринин бири 4-ооруканага, үчөө Улуттук госпиталга жаткырылган. Учурда алардын саламаттыгы орто. Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматынын нөөмөттөгү дарыгери Бактыгүл Аралбаева билдирди.

Жол кырсыгы түнкү саат бирлерде борбор калаанын Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам унаасын сүзгөн айдоочу окуя болгон жерге унаасын таштап качып кеткен. Учурда милиция тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаардык тез жардам кызматына Жаңы жыл күнү 565 кайрылуу түшүп, анын ичинен тез жардам кызматкерлери 410 чакырууга барышкан. (TSh/ECh)

XS
SM
MD
LG