Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Түндүк Корея Түштүк Кореяга сүйлөшүүнү сунуш кылды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея жетекчилигине алаканы оңдоо үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Ким Чен Ын жаңы жылдык куттуктоосунда айтканын түштүк кореялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Анда 31 жаштагы Түндүк Кореянын лидери эки өлкө ортосунда саммит өткөрүүгө тоскоол болчу “эч кандай маанай жана шартты” көрбөй турганын билдирген.

Эки өлкө жетекчилери катышкан акыркы жолугушуу Пхеньянда 2007-жылы өткөн. Андан бери Пхеньян менен Сеул дээрлик согуштук абалда жашап келишет.

Ким Чен Ындын билдирүүсү Түштүк Корея ушул жылдын январында сүйлөшүү өткөрүүнү сунуш кылгандан кийин жасалып отурат. Анда расмий Сеул сүйлөшүүлөрдө эки тарапты камтамага салган маселелердин баарын, анын ичинде 1950-53 жылдардагы согушта ажырап кеткен үй-бүлөлөрдү бириктирүү маселесине көңүл бурууну сунуштаган.

Түндүк Корея эл аралык коомчулуктун ар кыл санкциялары алдында жашап келет. Өткөн жыл аягында БУУнун Коопсуздук кеңеши бул өлкөдөгү адам укугунун абалы боюнча алгачкы жолу жыйын өткөргөн. Мындай жыйындын өтүшүнө Кытай менен Орусия каршылыгын билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG