Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Кытай: 35 киши тепсендиде калган окуя иликтенүүдө


Кытай бийликтери Шанхайдагы 35 адамдын өмүрүн алган майрамдагы кырсыкты иликтей баштады. Жаңы жылга карата майрамдык кечеге чогулган адамдар тепсендиде калып, 35 адам каза болду, дагы 43ү жаракат алды.

Шанхайдагы белгилүү Бунд жээгине Жаңы жыл түнү адаттагыдай 100 миңдеген киши чогулган. Окуя түнкү 12ге жарым саат калганда орун алган. Тыгылышкан эл дүрбөлөңгө түшүп, натыйжада башаламандык башталган. Полиция, тез жардам кырдаалды жөнгө салууга аракет кылган.

Бир жыл мурда дагы Жаңы жылдагы майрамдык лазердик-шоуга миңдеген адамдар күбө болгон. Бул жаңы жылдык оюн-зоок көбүнчө студенттер арасында белгилүү. Андыктан каза болгондордун көбү студенттер экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG