Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү талкууланат


Парламентте 11-12-февраль күндөрү “Мыйзам чыгарууда мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү” аттуу конверенция өтөт. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул жыйын Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте USAID/DFID уюмунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Конференцияда мамлекеттик тил мыйзамын, орфографиядагы талаш маселелерди, терминология жана сөз жасоо, котормо маселелерин тилчи-адистер жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү талкуулашат. Жыйынды айтылган ой-пикирлер, сунуштардын негизинде мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүүнүн программасы иштелип чыгат. (TSh)

XS
SM
MD
LG