Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:28

Ооганстан: 20 адам каза болгон окуяга нааразы болгондор көчөгө чыкты


Ооганстандын Гилмент провинциясындагы 20 кишинин өмүрүн алган окуядан соң аймактын нааразы болгон ондогон тургундары көчөгө чыкты. Алар бийликтерден кандуу окуяны териштирүүнү талап кылышууда.

31-декабрда Гилменд провинциясында үйлөнүү той өткөрүп жаткан үйгө ракета атылган. Ракета талибдер менен ооган күчтөрү ортосундагы салгылаш учурунда атылганы айтылууда. Андан 20 киши каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган. Каза болгондордун көпчүлүгү аялдар жана балдар экени кабарланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ракета кайдан атылганын учурда териштирүүдө. Ошондой эле ракета талибдер менен салгылаш учурундабы же өз алдынча атылганбы деген суроо да иликтенип жатат.

Аймактын бийлик өкүлү “Азаттыктын” ооган кызматына бул окуянын себебин аныктоо үчүн атайын топ түзүлгөнүн кабарлады.

Окуя орун алган Сангин районунда талибдер көп жашайт. Бул аймакта акыркы алты айдан бери өкмөттүк күчтөр менен талиб согушкерлеринин ортосунда салгылаш жүрүп жатат.

Быйыл 1-январдан тарта Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өттү. Өлкөдөгү 350 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери бул милдетти аркалап баштайт. Акыркы 13 жылдан бери бул милдетти НАТОнун эл аралык коалициясы аткарып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG