Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Иракта өткөн жылы 15 миңден ашык адам набыт болду


Ирактын өкмөтү 2014-жылы өлкө үчүн кандуу жылдардын бири болгонун жарыялады. Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы 15538 адам набыт кетип, 22 миңден ашууну жараат алган. Мындай жыйынтык акыркы жети жылдан бери эң көп адам өлүмү катталды дегенди билдирет.

Буга чейин 2007-жылы өлкөдөгү шейит жана сунит мусулмандары ортосундагы касташуу күчөп турган учурда каза болгондордун 18 миңге жеткен.

Быйыл Ирак аймагынын бөлүгүн “Ислам мамлекети” террорчул тобу ээлеп алып, согуштук аракеттер жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG