Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

Сириядагы согуш 2014-жылы 76 миңден ашуун киши өмүрүн жалмады


Бул Сирияда согуш башталгандан берки адам баласы эң көп өлтүрүлгөн жыл болуп саналат. Сириядагы адам укугун коргоо уюмунун маалыматы боюнча, өткөн жылы өлгөндөрдүн саны - 76 021. Ал эми британиялык иликтөө тобу 18 миң карапайым адам өлтүрүлгөнүн, анын ичинде үч миңден ашууну балдар экенин жазып чыкты.

Маалыматтарга ылайык, өлтүрүлгөндөрдүн 17 миңден ашууну жихадчылар, 15 миңден көбүрөөгү козголоңчулар, ошондой эле Башар Асаддын 23 миңге чукул аскери киши колдуу болгон.

Сириядагы согуш 2011-жылы башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG