Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

2 млн. кыргызстандык биометрикалык каттоодон өттү


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин 31-декабрдагы жыйында билдиргени боюнча 1 млн. 868 миңден ашуун кыргызстандык биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул өлкөдөгү 16 жаштан өйдө жарандардын дээрлик 50% түзөт. "Бул көрсөткүч акыркы эки жарым ай ичинде жасалган иштин жыйынтыгы" дейт Сарпашев. Анын айтуусунда айрым райондордо толук менен жарандар биометриялык каттоодон өтүп бүттү. Калган жарандардын биометрикалык маалыматтарын алуу жаңы жылдын 1-мартына чейин жүргүзүлөт. Андан кийин бул маалыматтарды быйыл болуучу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо колдонуу, биометрикалык паспортторду чыгаруу жана андан ары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аталган паспорт менен жүргүзүүгө акырындап өтүү маселеси турат деп белгиледи 1-вице-премьер-министр.

Биометриялык маалыматтарды чогултуу боюнча Ош облусу алдыда, аталган облустан 401 559 миң киши биометриялык маалымат тапшырды. Экинчи орунда Жалал-Абат облусу, үчүнчү орунда Чүй облусу, андан кийин Бишкек шаары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG