Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Стамбулда президенттин сарайын жардырууга аракет кылган адам кармалды


Түрк полициясы Стамбулдагы Долмабахче сарайын жардырууга аракет кылган адам кармалганын кабарлады. Бул сарай президент Режеп Тайып Эрдогандын Стамбулдагы резиденциясы болуп саналат.

Стамбул полициясынын жетекчиси Селами Алтыноктун айтымында, тапанча менен куралдаган адам сарайдын күзөт кызматкерлерине карай эки граната ыргыткан. Күзөт кызматкерлери дароо чара көрүп, гранаталар жарылган эмес. Андан эч ким жабыркаган жок. Түрк маалымат каражаттары кол салуу учурунда президент Эрдоган ал сарайда жок болгонун жазып чыгышты.

Алтынок кармалган адам “террордук топтун мүчөсү” деп шектелип жатканын кабарлады. Полиция кармалган адамдын аты-жөнү жана эмне себептен мындай кадамга барганы тууралуу маалымат бере элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG