Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:23

Египетте соттолгон австралиялык журналист өз өлкөсүнө өткөрүүнү өтүндү


Египетте “Ал-Жазира” телеканалынын бир жыл мурун камакка алынган журналисти египет бийликтерине Австралияга кайтарууну өтүнүп кайрылды. Питер Гристтин үй-бүлөсү аны Австралияга өткөрүү “эң жакшы чечим” болорун билдиришти.

Грист жана египеттик журналисттер Мохаммед Фахми, Бахер Мохаммед өлкөдө тыюу салынган “Мусулман агайындар” тобу менен кызматташкан деп былтыр июнь айында соттолгон. Грист менен Фахми жети жылга, ал эми Мохаммед он жылга эркинен ажыратылган. Мындай өкүм эл аралык коомчулуктун сынына кабылган. Бирок жакында Египеттин Жогорку Соту журналисттер боюнча өкүмдү кайра карай турганын билдирген.

“Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчиси, исламчыл президент Мухаммед Мурси 2013-жылдын июлунда ага каршы толкундоолордон кийин бийликтен кулатылган. Мындан соң Египетте аталган кыймылга тыюу салынган. Мурси болсо өлкө коопсуздугуна байланыштуу жашыруун документтерди "Ал-Жазира" телеканалына берген деп айыпталып, учурда камакта отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG