Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Орус ырчылары катышкан концертти көрсөткөн украин каналы сынга кабылды


Украинадагы “Интер” каналы өлкө чыгышындагы жикчилдерди колдогон орусиялык ырчылар катышкан концертти көрсөткөнү үчүн сынга кабылды. Коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Турчинов өлкөнүн теле жана радиоберүүлөр кеңешин бул каналдын лицензиясын жокко чыгарууга чакырып, телеканалды Украинага каршы иш алып барды деп айыптады. Анын жүйөсүндө, өлкө чыгышындагы жикчилдерди ачык колдоп чыккан ырчыларды көрсөтүү Украинаны шылдыңдоого барабар.

Ал эми Украинанын маалымат министри Юрий Стец жикчилдерди колдогон ырчыларды украин телесинен көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду иштеп чыгуу мерчемделип жатканын билдирди.

“Интер” каналы көрсөткөн концертке Украинада “персона-нон грата” деп жарыяланган ырчы жана депутат Иосиф Кобзон баштаган Николай Басков, Олег Газманов жана Валерия катышкан. Бул ырчылар Орусиянын Крымды аннексиялаганын жана Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерди ачыктан-ачык колдоп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG