Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Окумуштуулар: онкологиялык оорулар тукум куубайт


Рак оорусунун көпчүлүк формалары адамга генетикалык жактан өтпөйт же жашоо образына байланыштуу эмес. Бул тууралуу Science илимий журналы жазып чыкты. Андагы макалага ылайык, рак оорусунун көпчүлүк формаларын клеткалардын капысынан бөлүнүшү пайда кылат.

Изилдөөнү жүргүзгөн окумуштуулар онкологиялык оорулардын үчтөн экисин адам ДНКсындагы клеткалардын капысынан бөлүнүшү пайда кылаарын, ал эми үчтөн бирине гана адамдын генетикасы жана айлана-чөйрөдөгү жагымсыз шарттар себеп болоорун белгилешкен. Изилдөөнүн авторлорунун бири АКШдагы Жон Хопкинс университетинин онкология боюнча профессору Берт Вогелштейн тамеки чегүү сыяктуу жаман адаттар рактын тобокелдигин көбөйтөт. Бирок анын негизги себеби боло албайт деген жыйынтыкка келишкен.

.

XS
SM
MD
LG