Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Орусия Сириядагы касташкан тараптар ортосунда сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады


Орусия Сирия оппозициясынын өкүлдөрүнө Москвада Башар Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Сүйлөшүүнү ушул айдын аягында өткөрүү болжолдонууда. Орус тараптын мындай чакырыгын Сирия оппозициясынын 28 лидери алганын тастыкташты.

Чакырылгандардын арасында Сирия Улуттук коалициясынын жетекчиси Хади ал-Бахра жана бул коалицияны мурда жетектеген саясатчылар Муаз ал-Хатиб менен Абдел Бассет Сида бар.

Башар Асаддын өкмөтүн колдойт деген орус бийлигинин сунушу боюнча оппозициялык коалиция Түркияда бүгүн өтүп жаткан жыйынында чечим кабыл алмакчы.

Асаддын өкмөтүнүн өкүлдөрү Москвада өтчү жыйынга катышабыз деп алдын-ала макулдугун беришти.

Төрт жылга жакын убакыттан бери уланып келаткан Сириядагы жарандык согушта 200 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG