Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Иран Сауд Аравияны мунайдын арзандашына каршы чара көрүүгө чакырды


Ирандын Тышкы иштер министрлиги мунайдын арзандашы Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизерин айтып, Сауд Аравиянын мунай өндүрүшүн азайтпоо чечими жаңылыш экенин билдирди. Министрдин орун басары Хусейн Амир Абдуллах "Рейтер" агенттигине курган маегинде дүйнөдөгү эң ири экспортер өлкө болгон Сауд Аравия мунайдын арзандашына каршы чара көрөт деген үмүтүн айткан.

Дүйнөдө мунайдын баасы акыркы учурда арзандап жатат. Бирок буга карабай мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму ОПЕКтин мүчөлөрү өндүрүлгөн мунайдын көлөмүн азайтпоону чечкен. Уюм мүчөлөрүнөн Венесуэла жана Иран гана өндүрүштү азайткан. ОПЕКти учурда Сауд Аравия жетектейт.

XS
SM
MD
LG