Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Армения ЕАЭБге расмий түрдө кошулду


Армения жума күнү Евразия экономикалык кеңешине мүчө болуп кирди. Бул күнү Армениянын бул уюмга кирүү боюнча келишими расмий күчкө ээ болуп, иштей баштады. Мындай жол менен бирикменин курамындагы Орусия, Беларус жана Казакстанга Армения кошулду. Кеңештин аймагында товар, кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчүнүн эркин жүрүшүнө жол ачылган.

Армения Бажы биримдигинин мүчөлөрү менен жалпы чек арасы жок. Ушул себептен келишимде уюмга мүчө өлкөлөр менен товар жүргүзүүнүн өзгөчө шарты каралган. Армения үчүн мыйзамдарды ылайыкташтырууга сегиз жылдык “өткөөл мезгил” берилди.

Кыргызстан 23-декабрда Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуу боюнча келишимге кол койгон. Бул келишимди Кыргызстандын жана бул уюмга мүчө болгон төрт өлкөнүн парламенттери ратификациялашы зарыл. Бул жараянды быйыл май айына чейин бүткөрүп, өлкө 9-майда уюмдун толук кандуу мүчөсү болорун кыргыз бийликтери убада кылууда.

XS
SM
MD
LG