Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

КР эмгек сиңирген артисти Александр Балбекин дүйнө салды


Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, театр актеру Александр Балбекин 72 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Балбекин 1968-жылдан тарта Орусиянын түрдүү театрларында актер, 1973-жылы Крупская атындагы Фрунзе мамлекеттик орус драма театрынын труппасына кабыл алынган.

Сахнадагы 46 жылдык өмүрүндө Балбекин Шекспирдин “Король Лиринде” Эдгардын, Грибоедовдун “Акылдан азабында” Молчалиндин, “Сарынжи” спекталинде Коңурдун, Пушкиндин “Борис Годунов” драмасында Мнишектин ж.б. көптөгөн ролдорду аткарган.

1990-жылы КР эмгек сиңирген артисти наамын алган. Балбекин Жазуучулар союзуна да мүчө болгон.

XS
SM
MD
LG