Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

“Ислам мамлекети” тобу Иракта 170 адамды уурдап кетти


“Ислам мамлекети” радикал тобунун жоочулары Ирактын түндүгүндө жашаган 170 чамалуу эркекти алардын желегин өрттөгөнү үчүн уурдап кетишти.

Ирактын коопсуздук кызматынын өкүлүнүн Associated Press агенттигине билдиргенине караганда, аларды Киркук провинциясындагы Ал-Шажара жана Гхариб кыштактарынан алып кетишкен. Мурдараак бул аймакта “Ислам мамлекетинин” кара түстүү желектери өрттөлгөн болчу.

Аталган топтун жоочулары буга чейин дагы аймактагы элдин каршылыгын басаңдатыш үчүн адамдарды массалык түрдө уурдап турган.

Сентябрдын башында Киркукта 50 адам уурдалган. Андан кийин каршылык тобун түздү деп айыптап, 20 адамды барымтага алышкан.

Акыркы айларда Сирияда жана Иракта “Ислам мамлекети” тарабынан миң чамалуу жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG