Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Сариева: ЖОЖду бүткөн педагогдор мектептерге барбай жатат


2014-жылы педагогика жаатында билим алган 2019 бүтүрүүчүнүн 604ү түрдүү себептерден улам мектептерде иштегенге барган эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү министри Элвира Сариева билдирди.

Анын айтымында, буга эң негизги себеп айлыктын аздыгы жана мугалимге карата социалдык колдоонун жоктугу.

“Жаш мугалимдердин айлыгы беш миң сомдун тегерегинде. Анан калса аймактарга барганда жергиликтүү бийлик жардам бербейт, үй-жай бөлүнбөйт. Алар менен министрлик чогуу иштебесе маселе чечилбейт”, - деди Сариева.

Мындан тышкары бюджеттик негизде окууну бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү маселеси каралып жатканын кабарлады.

“Мен вице-премьер-министр кезде атайын токтом долбоорун баштадык эле. Бюджеттик негизде окуган студенттердин айрымдары окууну бүткөндөн кийин жада калса диплом алганы да келбейт, аймактарга да барбайт. Өзгөчө мугалимдер жана медиктер ушундай. Ошондуктан алар жиберилген жерге барбаса, окуу акысын кайтарып бериши керек. Алардын ордуна башка жаштар окусун деген токтом долбоору учурда министрликтерде макулдашуу процессинде”, - деп кошумчалады министр.

Мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселеси 2015-жылдын бюджетинде каралган эмес. Бирок жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев быйыл мугалимдердин айлыгын көтөрүү керектигин айткан. (МТо)

XS
SM
MD
LG