Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Эр-Рияд Багдадга элчилик ачууга камынууда


Ишемби күнү расмий Эр-Рияд Багдаддагы элчиликтин ишин калыбына келтирүү үчүн Иракка делегация жөнөткөнүн кабарлады. Сауд Арабиясынын Ирактагы элчилигинин эшиги 25 жыл мурда жабылган болчу.

Королдуктун Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчиликтен сырткары, Ирак Күрдстанынын борбору Эрбилде да консулдук ачылат.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле 1990-жылы ирак аскери Кувейтке басып киргенден кийин кескин сууган болчу. Саддам Хусейндин бийлиги кулатылгандан кийин эки өлкө ортосундагы карым-катнаш акырындап калыбына келе баштаган.

XS
SM
MD
LG