Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Сариева: Мугалимдердин айлыгын сентябрдан тарта көтөрүүгө аракет кылабыз


Мугалимдердин айлык акысын 1-сентябрдан баштап көтөргөнгө аракет кылабыз. Ага чейин көтөрүүгө мүмкүн эмес. Мындай пикирин “Азаттыкка” Билим берүү министри Элвира Сариева билдирди.

“Каржы министрлиги билим берүү тармагын калдык принцибинин негизинде каржылайт. Алдыңкы эки кварталда дайыма бюджеттин киреше бөлүгү боюнча иш жүрөт. Ал эми билим берүү тармагы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргендиктен 1-сентябрдан тарта гана айлык акыны жогорулатуу мүмкүн”, - деди Сариева.

Анын айтымында, учурда орто мектептин мугалимдери беш миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Мектептерде математика, физика, химия, орус жана англис тили, андан да көбүрөөк башталгыч класстын мугалимдери жетишпейт. Жалпысынын мектептерге 1333 мугалим керек.

“Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, окуучулардын ата-энелеринин мектепке берген түрдүү төлөмдөрүнүн жалпы суммасы жылына 3 млрд. сомго чаап барат экен. Конституция боюнча Кыргызстанда мектептеги билим берүү бекер деп жазылган”, - деп кошумчалайт министр.

Анын оюнча, мындай көрүнүштү жоюу үчүн мугалимдердин каржылык абалын жакшыртуу керек. (МТо)

XS
SM
MD
LG