Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Аба ырайы: чукул билдирүү


2015-жылдын 4-январынан 6-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137,198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары),Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94-чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

5-январда күтүлгөн аба ырайы:

Айрым жерлерде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7,, күндүзү -2...+3;

Таласта түнкүсүн --7...-12 , күндүзү -3...+2;

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүзү 0…+5;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 0…+5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү -1…+4;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүзү -7…-12;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүзү -10…-15

5-январда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2...4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 0...2° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG