Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Донецкте коменданттык саат кайра киргизилди


Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донецк шаарында жаңы жыл тосуу маалында убактылуу алынып салынган коменданттык саат кайра күчүнө кирди.

Жикчилдерди колдогон "Донецк" кабар агенттиги 4-январда билдиргендей, «бардык мыйзамдуу жана жарым-жартылай мыйзам чегинде иштеген жайлар кечки саат 10до жабылышы керек».

Агенттик түнкү 10дон кийин мас абалында же документи жок жүргөндөр камакка алынарын билдирет. Коменданттык саат 31-декабрдан 3-январга чейин майрамга байланыштуу убактылуу алынган эле.


XS
SM
MD
LG