Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Бишкекте балдарга арналган жаңы жылдык оюн-зооктор уланууда


Ч. Айтматов атындагы орус драма театрында “Изумруд шаарынын сыйкырчысы” деп аталган спектаклдин бет ачары жүрүп жатат. Ал эми А. Умуралиев атындагы шаардык драма театры “Сыйкырчы тарсылдак” жомогун балдарга тартуулоодо.

Майрам күндөрү ошондой эле Мамлекеттик тарых музейи баш болгон дээрлик бардык музейлердин эшиги көрүүчүлөр үчүн ачык болот. Мамлекеттик тарых музейинде 7-январга чейин “Кыргызстан тарыхындагы немистер”, “19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башындагы кыргыздардын маданияты” жана башка көргөзмөлөр иштейт. М. Фрунзенин үй-музейинде манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган көчмө көргөзмө жүрүүдө. Улуттук китепканада СССРдин Эл артисти Муратбек Рыскуловдун 105 жылдыгына карата “Улуттук сахнанын улуу устаты” деген аталышта көргөзмө болуп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG