Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

ЕККУ Украинадагы байкоочуларынын санын эки эсеге көбөйтөт


ЕККУнун маалымат катчысы Майкл Боцюркив ДПА кабар агенттигине курган маегинде айдын аягына чейин байкоочулардын саны 250дөн 500гө чейин көбөйөрүн билдирди. "Украинанын чыгышындагы кырдаал жакшыра баштаганын” белгилеген катчы ошол эле убакта элдешүүнүн келишими бузулуп жаткандыгын эскертти. ЕККУнун өкүлү Минскте сентябрда макулдашылган оор техниканы чыгарып кетүү тапшырмасы ишке ашпай жаткандыгын кошумчалады.

Март айынан бери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинада атайын байкоочу миссиясын кармап келатат.

ЕККУнун байкоочулук миссиясы Орусия тарабынан аннексияланган Крымда жок.

XS
SM
MD
LG