Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Улуттук банк жыл жаңырарда 5 млн. долларды интервенциялады


Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу максатында 5,1 млн. долларды базарга чыгарды. Бул декабрь айындагы Улуттук банк тарабынан алтынчы жолу жүргүзүлгөн интервенция болуп эсептелет. Өткөн бир айда эле Улуттук банк акча рыногуна 89,4 млн. доллар алып чыккан, ал эми 2014-жылы жүргүзүлгөн жалпы интервенциянын негизинде 500 млн. ашуун АКШ доллары базарга чыгарылган.

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

АКШ долларынын бүгүнкү расмий баасы 58 сом 89 тыйын, ал эми базардагы баасы 59 сом 50 тыйындын айланасында болууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG