Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:22

Эл аралык санкциялардан Ирандын экономикасы жабыркоодо


Ирандын президенти Хасан Роухани теле аркылуу кайрылуусунда эл аралык санкциялар турганда өлкөдө экономикалык өсүш болбойт деп билдирди. Ал сөзүндө экономиканы өнүктүрүү үчүн андагы мамлекеттин катышын азайтуу керек деп айтты. Ошондой эле Роухани экономика өсүшү үчүн атаандаштык күч алып, коррупцияны ооздуктоо үчүн ачык-айкындуулук болууга тийиш деп белгиледи.

Батыш агенттиктери Роуханинин бул кайрылуусун мурунку президент Махмуд Ахмединежаддын саясатын жана Ислам ыңкылабынын кызыкчылыгын колдогон жетекчилерге сын катары кабылдашты.

Иран өзөктүк программасы тууралуу башка державалар менен сүйлөшүүнү улантууда. Батыш Иранды өзөктүк программасы массалык жок кылуучу курал менен байланыштуу деп эсептесе, Иран ал ойлорду четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG