Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Рублдин алсыздануусу кыргыз экономикасына таасир этет


Рублдин алсыздануусу Кыргызстандын экономикасына соода, акча которуу жана акчанын курсу боюнча таасир этет деп билдирди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов. Ал Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтуна курган маегинде Орусияга каршы киргизилген санкциялар орус экономикасына кандай таасир этсе, кыргыз экономикасына да дал ошондой таасир этет деп айтты. Төраганын айтуусунда, рублдин куну төмөндөшү элдин кирешесинин азаюусуна алып келет, натыйжада керектөө талабы төмөндөйт, ал эми сырттан келген товарлардын кымбаттоосу менен инфляция жогорулайт. Бул болсо өз кезегинде Кыргызстанга Орусиядан которулуучу акчанын азаюусуна алып барат.

Абдыгуловдун белгилөөсү боюнча, сырттан которулуп келип жаткан акчанын 95% Орусиядан келет. Ошондуктан, бул акча кескин түрдө азайса, мунун биздин экономикабызга тийген залалы бат эле байкалат, анткени, айрым үй-бүлөлөр Орусиядан келген гана акча менен күн көрүшөт дейт УБ төрагасы. Ал ошондой эле рублдин куну төмөндөөсү сооданын начарлоосуна алып келерин, бул дагы өлкөдөгү экономикалык кырдаалга түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилейт. Үчүнчү жолу – акчанын кунундагы айырмага байланыштуу, анткени негизинен соода АКШ доллары менен жүрөт. Ошондуктан, акчанын курсунда кескин өзгөрүү болсо, анда сырттан келүүчү товарлардын баасы да өсөт дейт Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.

Жыл башынан бери рубль 50% жакын арзандады. 16-декабрда түштөн кийин Москвада 1 доллар 80 рублге жана 1 евро 100 рублге чыккан, журналисттер бул күндү “кара шейшемби” деп аташкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG