Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Байболов: Жапаровдун китебинде айтылгандар иликтениши керек


Коомдук-саясий ишмер, мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебинде жарыялаган билдирүүлөр боюнча иликтөө жүрүшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинин талабы боюнча, оор кылмыштар жөнүндө массалык маалымат каражаттарына чыккан билдирүүлөр сөзсүз иликтөөгө алынат. Китептеги маалыматтарды өлкөнүн күч органдары текшерүүгө алып, эгер жазылгандар жалган болуп чыкса, анда автор жооп бериш керектигин кошумчалады Байболов.

Садыр Жапаров убада кылып келген “Саясатка аралашкан он жыл” аттуу китебин жарыялады. Анда Жапаров өзү күбө болгон окуяларды баяндаган. Китепти учурда интернет булактардан таап, окууга болот.

Китептин биринчи бөлүгүндө негизинен 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо депутаттык мандат үчүн күрөш, март ыңкылабы, ал кезде тагдыр чечкен саясатчылар Курманбек Бакиев, Феликс Кулов, Алмазбек Атамбаев жана башкалардын мамилеси, саясий жүрүштөрү жазылган. Андан сырткары, 2010-жылдагы ыңкылап, июнь коогалаңында Убактылуу өкмөттүн чечкинсиздиги, Кадыржан Батыров менен сүйлөшүп атып кырдаалды кан төгүүгө жеткирди делип, “Ата Журт” партиясынын түптөлүшүнө орун берилген.

Экинчи бөлүктө 2010-жылда өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордон кийинки саясий күрөштөр, коррупциялык көрүнүштөр, Кумтөр маселеси, “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин ортосундагы татаал мамилелер баяндалган.

Китепте көп нерсе ачык жазылгандыктан репутациялык жактан алганда азыркы президент Алмазбек Атамбаев жана чет өлкөдө дарыланып жаткан Акматбек Келдибековдун аброюна өтө олуттуу шек жараткан маалыматтар келтирилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG