Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Украинадагы абал Берлинде талкууланат


Украина чыгышында тынчтык орнотуу боюнча кезектеги сүйлөшүү бүгүн Берлинде өтөт. Ага Украина, Орусия, Германия жана Франциянын өкүлдөрү катышмакчы. Украинадан бул сүйлөшүүгө Тышкы иштер министрлигинин саясат жана коммуникациялар департаментинин башчысы Алексей Макеев катышат. Ал эми орус тарап Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Виктор Сорокинди жөнөттү.

Макеев бул жыйында Украинанын чыгышындагы ок атууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча ар бир тарап өз планын сунуштай турганын билдирди.

Тараптар жыйын жогорудагы төрт өлкөнүн жетекчилери катышкан сүйлөшүүнү тездетет деп үмүттөнөт.

Буга чейин украин президенти Петро Порошенко аталган өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу Казакстандын борбору Астанада январдын ортосунда өтөрүн маалымдаган эле.

XS
SM
MD
LG