Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Аба ырайы: чукул билдирүү


4-январдан 6-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137,198-265-чакырымдары), Бишкек-Талас (198-210-чакырымдары, Өтмөк ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары), Казарман-Акталчат (67-94-чакырымдары, Кара-Гөө ашуусу) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Уналардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

6-январда күтүлгөн аба ырайы:

Жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүзү 3…8;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүзү 2…7;

Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүзү 4…9;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүзү 5…10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0…5;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүзү -6…-11

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүзү -8…-13

6-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…6 градус суук, күндүзгү температурасы 5…7 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG