Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Ирак менен чектешкен жерде Сауд Арабиянын эки аскери өлтүрүлдү


Сауд Арабиянын Ирак менен чек арасында жанкечти жардырган гранатадан эки аскер набыт кетти. Сауд Арабиянын Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Арар деген аймакта белгисиз адамдар чек арачыларга ок ачкан. Сауд чек арачылары алардын бирин кармаган кезде ал белине курчанган гранатаны жардырып жиберген. Жардыруудан бир офицер жана бир аскер мерт кетти. Бир согушкер атып өлтүрүлдү.

“Ислам мамлекети” террорчул тобунун согушкерлери Ирактын Сауд Арабиянын чек арасына жакын аймагын ээлеп алган. Мындан соң Сауд Арабия бул аймакта коопсуздукту күчөткөн.

XS
SM
MD
LG