Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Роухани маанилүү маселелер боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады


Иран президенти Хасан Роухани өлкөдөгү маанилүү маселелер боюнча жалпы добуш берүү менен чечим кабыл алууну сунуштады.

4-январда экономика боюнча конференцияда сүйлөп жатып, Роухани өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана маданий маанилүү маселелерди парламентте эле талкуулабастан, референдум аркылуу чечүү оң болмок деген пикирин айтты. Ошондой эле Иран лидери эл аралык басымдан кутулуш үчүн экономикага мамлекеттин аралашуусун азайтуу жана ачыкты камсыз кылуу керектигин белгиледи.

Батыш киргизген санкциялардан улам Иран экономикасы оор учурду башынан өткөрүүдө. Иран уран байытуу процессин кыскартса, Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялар жеңилдетилмекчи. Тегеран ядролук куралдын үстүнөн иштеп жатат деген эл аралык коомчулуктун дооматтарын четке кагып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG